Журналист Уланбек Эгизбаевдин сууга түшүп жаткандагы видеосу ИИМге өткөрүлүп берилди

Автор -

Бүгүн, 24-июлда Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон журналист Уланбек Эгизбаевдин көлгө түшүп жаткандагы видеосу ИИМге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин 6 айдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтылды.

«Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча бардык иштер көрүлүп жатат. Экспертизанын алдын ала жыйынтыгына ылайык, журналисттин өлүмү сууга чөгүү деп болжолдонууда. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 1 айдан кийин чыгат. Ыкчам тергөө кызматы журналист чөккөн аймакты изилдеп жатат. Ошондой эле окуянын бардык күбөлөрүнөн көрсөтмөлөр алынып жатат. Ал эми «Акун» пансионатынын видеокөзөмөлүнө түшкөн видео ИИМге өткөрүлүп берилди», — дейт ИИМдин өкүлдөрү.

Белгилей кетсек, «Азаттык» радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон. Бүгүн аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү