Түп райондук сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Автор -
221

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушунун негизинде Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы Мамытов Канатбек Рысбаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Жарлык кол  коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү