Июль айынын башында Кашкадарыя облусундагы каналдардын биринде эки кишинин денесинен ажыратылган үч бут табылган. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына 23-июлда укук коргоо органдарындагы өз булактары билдирди.
Маалыматты тастыктоо иретинде жөнөтүлгөн маалымкатта “Эски анхор” каналында табылган дене бөлүктөрү өлүмдүн себебин аныктоо үчүн Соттук-медициналык экспертиза бюросуна жиберилгени жазылган.
Соттук-медициналык экспертиза бюросунун башчысы Зебо Рузиева табылган буттар кимге таандык экени аныктала электигин билдирди.
Чиракчин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери каналда табылган үч бут аялдардыкы экенин айтты. Ал “кылмыштын бардык белгилери бар экенине карабай, укук коргоо органдары муну жашырып, аялдардын буттары тулку-боюнан табият кырсыктарынын кесепетинен ажырап кеткен деп жатышканын” кошумчалады.
Учурда буттар кимдерге таандык экенин аныктоо үчүн ДНК экспертизасы дайындалды.