Сот Матраимовду кызматына кайра келүү боюнча чечим чыгарды

Автор -

Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра келүү боюнча чечим чыгарды.

Райондук сот арыз берүүчү тараптын өтүнүчүн канааттандыруу менен чечим кабыл алды.

26-апрелде Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү