Ош облусунда 6 ай ичинде 17 өспүрүм сууга чөгүп кетти

Автор -
244

Ош облусунун аймагында ушул жылдын 6 айында 17 өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Ош облусунун аймагындагы сууга түшүүчү жайларга атайын сууда сүзүүнүн эрежелерин түшүндүргөн кагаздар илинип, өзгөчө суунун жээгиндеги бассейндерге, көлмөлөргө көңүл буруу жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилип келет.