Суучулдар акчага адамдарды атайлап эле чөктүрүшөбү? ӨКМ жооп берди

Автор -
372

“WhatsАpp”мессенджери аркылуу Ысык- Көлдө суучулдар сууда жүргөн элдерди суунун астынан тартып кетип атайлап эле чөктүрүп, өлтүрүп ташка байлап коюшат, издетип жалдаганда саатына өтө көп суммадагы акча алышат, муну Ыссык Көлдүктөр өздөрү айтып жүрүшөт. Кыргыздар ансыз деле азбыз эки айдын ичинде 300 адам чөгүп өлдү анын 72си жаш балдар»,-деген маалымат таркатылууда, бул чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматы суудагы  издөө иштерин бекер иш алып барышат, жана республикабыздын аймагында жай мезгилинде суу объектилеринде 59 адам чөксө, анын ичинен 18си жаш балдар. Ысык-Көл облусунда 9 адам чөккөн, анын ичинен 2 – жаш бала»,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМ тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган билдирүүнүн авторун табуу максатында кайрылуу жазап жатканын билдиребиз, себеп дегенде мындай чындыкка дал келбеген билдирүү коомчулук арасында түшүнбөстүктөрдү жаратууда.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдар кызматында 200дөн ашык адам иштейт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү