Түркмөн студент кыздарына чыпташкан көйнөк кийүүгө тыюу салынды

Автор -
402

Түркмөнстанда студенттерге денеге чапташкан көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салынды. Мындан ары алар узун көйнөк жана саймалуу улуттук шым кийип жүрүшү керек.

Билим берүү министрлигиндеги аткаминер билдиргендей, учурда бул талап окутуучуларга жана ата-энелерге жеткирилди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын Дашөгүз облусундагы өз булактары мындай көрсөтмөнү аймактагы мектептер да алганын айтышты.

«Быйыл окуучу кыздар үчүн жаңы мектеп формасы киргизилет. Жаңы форманын үлгүлөрү 10-августта келет. Эми класс жетекчилери эс алуу маалына карабай, окуучулардын үйлөрүн кыдырып, 10-августка чейин форма сатып албоону эскертишет. Облустук билим берүү жетекчилери бул кенен көйнөк, шым жана жакет болот деп жатышат», — дешти алар.

Түркмөнстан мектептеринде улуттук кийимге негизделген формаларды кийүү – милдеттүү. Бул талап орус, түрк жана башка улуттун өкүлдөрү басымдуулук кылган мектептерге да тиешелүү.

Бөлүшүү