Жыпар Молдалиева: Корея тууралуу биз билбеген кызыктар көп (эксклюзивдүү маек)

Автор -
486

Маектешибиз Жыпара Молдалиева – Таластын Бакай-Ата районунда туулуп-өскөн. Улуттук университеттин чет тилдер факультетин аяктап, үч кыз, эки уулга жакшы таалим-тарбия, билим берип, уядан учурган эне агартуу тармагында 40 жыл иштеп, канчалаган жаш канаттарга таалим-тарбия берип, азыркы кезде эс алууда. Учурда түштүк Кореяда жашайт.

… Эне деген – бардык учурда эне. Балдар  чоңойсо  деле,   алдуу-күчтүү  кезимде балдарга жардамым тийсе экен дейт экенбиз. Анан да балдардын кимиси алыста болсо, же кимисине жардам керек болсо, ошону көбүрөөк карап, ошого көбүрөөк байырлап, ошону ойлоп жашайт экенбиз. Дегеним, бир кызым күйөөсү менен Кореяда жашайт. Балдары жашыраак, азыр ошолорго каралашып жүрөм.

Фото Жыпары Молдалиевой.

***

Кореяда жумуштары кыйын болгону менен, айлыктары жакшы. Мага жакканы – жумушсуздук жок жана элдин жашоо шарттары мыкты. Мисалы, жумуш эртен мененки 8ден кечки 5ке чейин.

Эртең менен жумушчуларга кофе менен таттуу нан, түшкүсүн жакшы ысык тамак, кечинде дагы жеңил тамак берилет. Мугалимдери, дарыгерлеринин маяналары абдан жакшы. Биздегидей коррупция жок.

***

Балдарга өзгөчө камкордук кылышат. Бөбөк үч айга толгондон баштап бакчага алышат. Эгер бала бакчага барбаса, балага берилген жөлөкпул памперсине, сүтүнө кенен жетет. Ал жакта бала төрөлгөндөн баштап эмчек эмизбей багышат экен. Жеке менчик бакчалар өтө көп. Бир тайпада алтыдан ашык бала болбойт.

***

Корейлер аябай маданияттуу. Дүкөндөргө кирсең да, деги эле кайда барсаң да бири-бирин урматтап, жүгүнүп турушат. Көчөдө гезиттер бекер таратылат. Дааратканалары таптаза, акысыз. Ар бир дүкөндө чыпкаланган суу, дарыканаларда кофе бекер турат.

Көчөдө мас, же сөгүнгөн адамдар жок. Ууру деген түшкө кирбейт. Көп нерселер ачык эле турат. Көчөдө кызыл кнопкалар илинип турат, эгер бирөө тийишсе, басып кой, ошол замат полицейскийлер жетип келет.

***

Кореяда чиркөө көп, күндө саат 5те туруп, Кудайга сыйынышат. Түндө жалгыз жүрсөң да коркунуч жок. Мыйзам баарына бирдей. Айымдары биздин айымдарга окшоп кечке иштеп келип, кечинде кайра үйдөн күйпүл-ала болбойт. Тамакты көчөгө чыгып, ичип келишет. Негизги тамагы – күрүч, балык, тооктун эти жана деңиз азыктары. Кийимге анча маани беришпейт. Жөнөкөй кийинишет. Косметиканын жакшысын колдонууга жана жакшы тамактанууга көңүл бурушат.

***

Конокту үйдө күтүшпөйт. Кафелерге алып барып сыйлап  кетиришет.  Үйгө  келсе – кофе, жер-жемиш менен жөнөтүшөт. Тойлорду, туулган күндөрдү көбүртүп-жабыртпай,үй-бүлөсү менен белгилешет.

Акчаларын чогултуп, саякаттаганды жакшы көрүшөт.

***

Мектепке балдар 8:40та барышат. Класстан тышкары ар кандай китептерди окутушуп, китепти сүйүүгө, окууга шыктандырат.

1-6-класстар  башталгыч класстар болуп, баа коюлбайт, тапшырма берилбейт. Башталгыч класстар-дын мектеби бөлөк.

***

Бир шаардан бир шаарга кирерде жеңил унаалар салык төлөшөт. Андан түшкөн акчалар жалаң жолго жумшалат. Менин таң калганым – өздөрү арык, кичинекей эле адамдар, бирок ушунчалык зор иштерди жасашат.

Жолдору үч кабат жана бир жеринен тешик таппайсың. Айылы болсун, шаары болсун, зымылдаган тептегиз жолдор…

***

Калдыктар  5ке  бөлүнөт:  кагаз,  айнек,  темир,  пакет,  желим.  Ар  бири  өз-өз идиштерине  салынат  жана  буларды  жума сайын кайра иштетүү заводдоруна алып кетишет.

***

Балдар үчүн ойноочу жерлери бекер. Дем алыш күндөрү ата-энелер балдары менен чогуу эс алышат. Музейлери дагы бекер.

Бейтапканаларга каалаган адам кирип, колун спирт менен тазалап жана өзүнүн кан басымын, салмагын, боюн дарыгерлерсиз эле ченеп алышат.

Ооруканаларында шарттар жакшы. Бир палатада төрт киши жатат. Ар бири тосмо-көшөгө менен өзүн жаап алат. Ар бир тосмо-көшөгөнүн ичинде электр шамчырагы, розетка жана кнопка турат. Кнопканы бассаң, күнбү же түнбү, ошол замат дарыгер жардамга жетип келет.

Булак:kyrgyztuusu.kg