Бишкек шаардык сот экс-мэр Албек Ибраимовду камакта калтырды

Автор -

Бишкек шаардык сот мурдагы мэр Албек Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, 19-июлда Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган.  Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калтырган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү