Президент Марокко падышасын падышалыктын тактысынын күнү менен куттуктады

Автор -

Сооронбай Жээнбеков Марокко падышасы Мохаммед VI бин Аль-Хасанды Марокко Падышалыгынын Тактысынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Марокко падышалыгынын тактысынын күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет жана бекемделет деп терең ишенем», — деп белгиленет мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Прзеидент Марокко падышасы Мохаммед VI бин Аль-Хасанга бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Марокко элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү