Сахалин облусунда 17 жаштагы кыргызстандык өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Автор -

Орусиянын Сахалин облусунда кыргызстандык 17 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу rg.ru басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каза болгон өспүрүм Корсаков районундагы көлгө достору менен эс алууга барган. Алардын арасынан тааныш кызы сууга түшүп чөгө баштаган. Аны куткарам деген өспүрүм өзү чөгүп каза болду.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү