Ысык-Көлдө 16 жаштагы өспүрүм 6 жаштагы кызды зордуктады

Автор -

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 16 жаштагы өспүрүм 6 жаштагы кызды зордуктады. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.

«Кылмышка шектүү жабырлануучу кыздын кошунасы. Ал коңшу кызды үйүнө алып келип зордуктаган. Учурда жабырлануучу ооруканада»,-деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү