Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 16 жаштагы өспүрүм 6 жаштагы кызды зордуктады. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.
«Кылмышка шектүү жабырлануучу кыздын кошунасы. Ал коңшу кызды үйүнө алып келип зордуктаган. Учурда жабырлануучу ооруканада»,-деп айтылат маалыматта.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.