1000 ашуун адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды

Автор -

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Анын ичинен президенттин 3 жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1654 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 1406 — чоң адамдар жана 248 — балдар, көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.) 1 жарлыгы 1170 адамды (анын ичинен 934 — чоң адамдар жана 236 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

 

Бөлүшүү