Ошто мамлекеттик кызматкерлер арасында сууга сүзүү боюнча мелдеш өттү(Сүрөт)

Автор -
632

Бүгүн, 30-июлда Ош шаарында 30-июль — Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата “Дельфин”  бассейнинде сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Ош шаарында жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык  мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү жана медицина  кызматкерлери катышты.

Мелдеш эркектер жана аялдар арасында жаш курагына жараша төмөнкү 3 тайпага бөлүнүп өткөрүлдү:

1-тайпа- 25 жашка чейин

2-тайпа- 35 жашка чейин

3-тайпа- 40 жашка чейин.

Мелдешке 50дөн ашуун адам катышып, жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер, медалдар  жана дипломдор тапшырылды.

 

Бөлүшүү