УКМК коррупциялык иштер үчүн ачылган эсепке 20,4 млн. сом төктү

Автор -

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетет коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды топтоо үчүн ачылган атайын эсепке 20,4 млн. сом которду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эсеп ачылгандан бери аталган комитет жалпысынан 129,6 млн. сом төккөн.

Финансы министрлигинин карамагындагы Борбордук казыналыктын 2018-жылдын 24-июлуна карата берген маалыматына караганда, бирдиктүү депозиттик эсепке 169 миллион 314 миң 359 сом келип түшкөн.