Эртеӊ, 2-августта өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30,
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26,
Нарын дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 28…30 градуска жетет.