Өзбекстан экстремисттик маалыматтарды камтыган сайттарга бөгөт коет

Автор -

Өзбекстан экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды камтыган сайттарга расмий бөгөт кое баштайт. Мындай чаралар каралган мыйзамга өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кечээ кол койду. Документ расмий жарыялангандан үч айдан кийин күчүнө кирет.

«Экстремисттик уюмдардын материалдары, белгилери жана атрибутикалары белгиленген тартип боюнча өчүрүлүп же жок кылынышы керек. Эгер өчүрүү мүмкүнчүлүгү болбосо, анда жарандардын аларга жетүү мүмкүндүктөрү чектелет», – деп жазылган мыйзамда.

Документке ылайык, бөгөт коюуну камсыздап бербеген интернет таркатуучу компанияларга карата чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда мыйзамда жасаган ишине өкүнгөн экстремисттерди жоопкерчиликтен бошотуу дагы каралган.

«Экстремисттик ишмердүүлүккө катышуудан өз эрки менен баш тартып, бул тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлаган адамдар мыйзам боюнча жоопкерчиликтен бошотулат», — деп белгиленген мыйзамда.

Бөлүшүү