Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу жаӊы өкүлү дайындалды (өмүр баян)

Автор -

Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Осмоналиев 1964-жылы 10-августта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн.

1988-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зоотехния адистиги боюнча аяктаган.

1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

2016-жылдын апрель айынан баштап август айына чейин өкмөттүн аппаратынын башчысы болуп иштеген.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көлдөгү өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү болуп Узарбек Жылкыбаев иштеген. Жакында ал Ош облусунун администрациясынын башчысы болуп дайындалган.

Бөлүшүү