Бишкекте №2-троллейбустук каттам ачылды

Автор -

«Бүгүн, 2-августтан тартып Бишкек шаарында №2-жаңы троллейбустук каттам Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттай баштайт»,-деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Салиева кѳчѳсүн оңдоо иштерине байланыштуу аталган каттам убактылуу кыскартылды (Фрунзе заводу – Лермонтов кѳчѳсү, Жибек-Жолу).

«Манас проспектисин оңдоо иштерине байланыштуу №11-троллейбустук каттамы 1-августтан тарта жолдорду оңдоо иштери жыйынтыкталганга чейин токтотулду»,-деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү