Сууга чөгүп кетти деп изделип жаткан 23 жаштагы жаран тирүү табылды

Автор -
229

Сууга чөгүп кетти деп изделип жаткан 23 жаштагы жаран тирүү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Сейил» пляжында сууга чөгүп кетти деп изделип жаткан 1995-жылы туулган Б. А.  аттуу жаран сууга чөкпөгөндүгү аныкталып, 2018-жылдын 2-август күнү саат 10:00 чамасында пляждагы боз үйлөрдүн биринен тирүү табылды»,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 1-август күнү саат 00:50дөЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы»Сейил» пляжында 1995-жылы туулган Б.А. аттуу эркек киши сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бөлүшүү