Африкада орусиялык журналисттерди өлтүрүүдөн мурун суракка алышкан (Видео)

Автор -
323

“Иликтөөлөрдү башкаруу борбору” Африкада орусиялык журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча өз иликтөөлөрүн баштады.

“Иликтөөлөрдү башкаруу борбору” – Михаил Ходорковскийдин журналисттик долбоору. Дал ушул долбоор үчүн Орхан Жемаль, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко Африкадагы “Вагнера жеке компаниясындагы” орусиялык жалданма аскерлер тууралуу даректүү тасма тартып жүрүшкөн.

31-июлда алардын өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тараган. Журналисттердин унаасы Банги шаарынан алыс эмес жерде аткыланганы айтылууда. Башка бир версиялар боюнча карактоо үчүн кол салуу болгон. “Иликтөөлөрдү башкаруу борбору” журналисттердин жанында видео-фотоаппарат жана 8500дөй доллар болгонун билдирди.

ММКлардын маалыматы боюнча кол салууга жергиликтүү “Селека” террордук тобунун да тиешеси болушу ыктымал. Журналисттерди өлтүрүүдөн мурда аларды суракка алышканы тууралуу божомолдор бар.

Жемал, Расторгуев жана Радченконун сөөгүн Орусияга 4-августта алып келишет.

Бөлүшүү