Быйыл жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат

Автор -
287

Окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күнү республиканын баардык мектептеринде аймактарды өнүктүрүу жылына жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.

Жаңы окуу жылы 5 күндүк болгондугуна байланыштуу жана 1-сентябрь ишемби күнгө туш келгендиктен, окуучулар 4-сентябрдан баштап билим ала башташат.

Окуу жылы 25-майда аяктайт.

Бөлүшүү