Москвада кыргызстандык 21 жаштагы жигит каза болду

Автор -
214

Москва шаарында кыргызстандык 21 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Москвадагы кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун 1997-жылы туулган тургуну Алибек сууга секиргенде башы менен түшүп, мойнунан жаракат алган. Тез жардам кызматы аны ооруканага жеткирген, бирок ал операцияга жетпей каза болгон.

Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө жардам берүүнү каалагандар +79251231013 телефон номуруна байланышса болот.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү