III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын этно-шаарчасына 1000ден ашуун боз үй тигилет

Автор -
770

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун маданий программасы көрсөтүлө турган Кырчын этно-шаарчасында 1000ден ашык боз үй тигилет. Бул тууралуу режиссер Зарылбек Молдобакиров билдирди.

Анын айтымында, өлкөбүздүн ар бир облусу 11 ден 13 боз үйгө чейин тигүүнү пландоодо.

“Бир катар коомдук бирикмелер — “Ала-Тоо айымдары”, “Кийиз дуйно”, “Ак элечек апалар”, “Кыргыз жери” жана башкалар 18ден 20га чейин боз үй тигишүүдө. Мындан сырткары этно-шаарчанын аймагында театрлаштырылган программа үчүн боз үйлөр тигилген. Жалпысынан болжолдуу 800дөн 1000ге чейин боз үй болорун күтүүдөбүз” – деп билдирди режиссер.

Режиссер кимде ким өзүнүн боз үйүн Кырчын этно-шаарчасына тигүүнү кааласа, режиссерлордун штабына кайрылса болорун, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата даярдануу мезгилинде Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар үчүн китепканада жайгашкан штаб тапшырыктарды кабыл аларын билдирди.

Ошондой эле ал этно-шаарчанын аймагында «ылдамдыкта боз үйдү тигүү» сыяктуу кыргыз үйүнө байланышкан сынактар болорун кошумчалады.