Сахалинде сууга чөгүп бараткан кызды куткарып калган кыргызстандык жигитке сыйлык берилет

Автор -
257

«Сахалинде сууга чөгүп бараткан кыздын өмүрүн сактап, өзү чөгүп каза болгон кыргызстандык жигитке “Чөгүп бараткан адамды куткаргандыгы үчүн” Өзгөчө кырдаалдар министрлиги медаль берет. Анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт»,-деп билдирди КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 17 жаштагы маркум Жандарбек Кубаныч уулунун сөөгү мекенине жеткирилип, кырсык болгондон 3 күндөн кийин жерге берилген.

Белгилей кетсек, 29-июлда Россиянын Сахалин облусундагы Русское көлүндө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Жандарбек Кубаныч уулу сууга чөгүп бараткан кызды куткарып, бирок өзү жээкке жетпей сууга чөгүп кеткен.

Бөлүшүү