Журналист Улан Эгизбаевдин элесине арналган сынак жарыяланды

Автор -

Кыргызстандагы «Адилет» укуктук клиникасы «Азаттыктын» кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арнап, студенттер арасында сынак жарыялады.

Маалыматка ылайык, сынак Кыргызстандын жогорку окуу жайларында журналистика адистиги боюнча билим алып жаткан студенттердин арасында сөз эркиндигинин чектелиши жана эркин ой билдирүү темасында өткөрүлөт.

Сынактын максаты — сөз эркиндигинин азыркы абалына кайдыгер карабаган, келечекте журналистиканын өзгөрүшүнө, коомдун, өлкөнүн өнүгүшүнө оң салым кошууну көздөгөн жаштарды шыктандыруу.

«Биз бул сынакты Уланбек Эгизбаевдин элесине арнадык. Ал өз өлкөсүн, кесибин сүйүүнүн, чындыктын үлгүсү. Биз жаштарды Уланбектен үлгү алууга — ачык, чынчыл, кыйынчылыктан коркпой, кесипкөйлүк менен акыйкат үчүн күрөшүүгө чакырабыз», – деп айтылат «Адилет» укуктук клиникасы тараткан маалыматта.

Сынакка материалдар буга чейин жарыялангандай 15-июлга чейин эмес, 1-сентябрга чейин кабыл алынат. Бул убакыттан кечиккен материалдар каралбайт. Мыкты материалдарды тажрыйбалуу журналисттерден, медиа эксперттер жана юристтерден турган комиссия аныктайт. Макаласы мыкты деп табылган автор 34 500 сом сыйлык алат. Сынакка катышууну каалагандар сөз эркиндиги, эркин ой билдирүү, цензура, журналисттерди куугунтуктоо багытында маалыматтык-аналитикалык материал (эссе, очерк, видео жана башка) даярдашы зарыл.

Кыргыз жана орус тилинде жазылган материалдар b.osmonbaev@gmail.com дареги аркылуу же «Адилет» укуктук клиникасынын кеңсесинде электрондук түрдө кабыл алынат. ​

«Азаттыктын» кабарчысы, көптөгөн иликтөөлөрү менен элдин эсинде калган Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болгон.

Бөлүшүү