Журналист жана жарандык активист Мирбек Айтикеев камакка алынды

Автор -

Журналист, жарандык активист жана КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалды. Бул туурасында «april.kg» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Айтикеев 10-октябрга чейин камакта болот. Кайсы иш боюнча, кандай макамда өтүп жатканы азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, УКМК 7-8 август күндөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул уюштурган. «Альфа» атайын кызматынын жоокерлеринин аткан огунан бир топ жөнөкөй жарандар жабыркаган. Тополоңду токтотуу максатында 8-августта Алмазбек Атамбаев өз эрки менен колго түшүп берген. Ошол эле күнү экс-президентти УКМКга жеткиришип, тергөө аяктагыча 26-августка чейин камакта калтырышкан.

8-августта президенттин мурунку кеңешчиси Фарид Ниязов дагы ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, 8- октябрга чейин СИЗО-1ге киргизилди.

Аны менен катар экс-президенттин бир катар тарапташтары — Алга Кылычев, Кыяз Смайлов, Амантур Жамгырчиевдер 8-октябрга чейин камалышты. Алар «Кой-Таштагы операция учурунда жоокерлерди барымтага алуу» фактысы менен ачылган иш боюнча айыпталышууда.

Бөлүшүү