Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

Автор -

Кыргызстанда жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан билдиришкендей, бүгүн, 6-августта саат 03:36 чамасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Ак-Сай айылынан 6 чакырым түндүк-батышта, Кызыл-Туу айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Тогуз-Булак айылынан 9 чакырым түндүк-чыгышта, Тоң айылынан 22 чакырым батышта жайгашкан.

Кыргызстандын калк жашаган аймактарында жер силкинүүнүн күчү Ак-Сай, Кызыл-Туу, Тогуз-Булак айылдарында 3 баллга жакындаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү