Бул туурасында кечээ, 6-август Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча тийиштүү кызматтар менен болгон жыйында билдирди.
Шаар башчысы унаалардан төлөгөн салыктар боюнча 1-сентябрга чейин жол кайгуул жана салык кызматынын өкүлдөрүн атайын рейд уюштуруп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен салык топтоону сунуштады. Ошондой эле, көмүскөдө жаткан салык төлөөчүлөрдү, үй шартында иштеп жаткан комерциялык багыттагы ишканаларды мыйзамдаштыруу боюнча каттуу талаптар коюлду. Мындан тышкары тийиштүү кызматтарга тез аранын ичинде жыйымдарды толугу менен өз убагында жыйноо боюнча механизмдерди иштеп чыгып, элдерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү менен, салык топтоп ар айдын аягында отчет жасоо тапшырмасы берилди.
Жыйын соңунда Ош шаарында бекитилген жергиликтүү бюджеттин көлөмү дагы 30% жогорулатуу боюнча милдеттер коюлду.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын 2018-жылга жергиликтүү бюджеттинин көлөмү бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошпогондо 860,0 млн.сомго шаардык кеңеш тарабынан бекитилип, 2017-жылга салыштырмалуу 101,0 млн.сомго көбөйгөн. Быйылкы жылдын 6 айына такталган план 420,5 млн.сомго жеткирилип, 439,7 млн.сомго же 104,6 % аткарылган (пландагыдан 19,3 млн. сомго көп салык чогултулган).