Режиссер Руслан Акундун “Көк-Бөрү” тасмасынын алгачкы клиби жарыкка чыкты (Видео)

Автор -

Таланттуу ырчы Кайрат Примбердиевдин аткаруусунда режиссер Руслан Акундун “Көк-Бөрү” тасмасынын алгачкы клиби жарыкка чыкты. Видео аталган тасманын фейсбук баракчасына жарыяланды.

Тасманы тартуу иштери май айында башталган. Тасмага Казакстандык каскадерлор дагы тартылууда. Кинодо экшн, трюк, спецээффектер колдонулуп, улуттук оюндун чыныгы каардуу оюн экени баяндалмакчы.

Тасма 20-сентябрдан баштап бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү