“Ак илбирс” кино сыйлыгы: Апрелде мыктылардын мыктысы аныкталат (шорт-лист)

Автор -
266

Бишкек шаарында Улуттук «Ак илбирс» 2019 кино сыйлыгына талапкер болгон тасмалар аныкталды.

Маалыматка ылайык, жеӊүүчүлөрдү  сыйлоо 26-апрелде «Манас» кинотеатрында болот. Аталган киносыйлыкка  21 тасма таштама берген. Алардын шорт-листке илингендери төмөндө.

Талапкерлер:

Толук метраждуу тасмалар:

  1. «Дарак ыры», реж. Айбек Дайырбеков
    2. «Көк-Бөрү», реж. Руслан Акун
    3. «Такебай», реж. Бакыт Осмонканов

Кыскаметраждуу тасмалар:

  1. «Кош бол» реж. Караш Жанышов
    2. «Куштун үнү» реж. Арстанбек Дукуев
    3. «Мурас » реж. Турсунбек И.Шернияз
    4. «Чолпон » реж. Аманат Иманалиев
    5. «51+» реж. Данияр Абисов

Даректүү тасмалар:

  1. «Аялдык түйшүк эмес», реж. Токтобек Усенов
    2. «Бугулар кайтып келгенде», реж. Данияр Абиров
    3. «Еще раз про любовь», реж. Жаныш Дадабаев
    4. «Мугалим», реж. Ибадылла Аджибаев
    5. «Узак»,реж. Жолдубай кызы Бегаим

 

Белгилей кетсек, иш-чарага көрүнүктүү Атамекендик киноматографисттер чогулуп, 2018-жылы тартылган мыкты тасмаларды аныкташат.

Жыл сайын берилчү «Ак илбирс» сыйлыгы 2012-жылы уюшулган. Анын демилгечилери — Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду, Кинону өнүктүрүү фонду жана Кинематография департаменти.

Бөлүшүү