Таластагы Алмалуу жайлоосунундагы өрт эки тараптан өчүрүлүүдө

Автор -

Таластагы Алмалуу жайлоосунундагы өрт эки тараптан өчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт башталгандан бери Алмалуу тоосундагы 10 гектар жайлоо жана Манас токой чарбасынын 20 гектар жайыт жери күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө жалпы 496 адам тартылган.

Мурдараак жайыт жерлер күйсө, азыр токой чарбасына да өтүп жатат. Кызматкерлер өрттү чектөөгө алганы менен жалын Казакстан тараптан чыгууда.

Казакстандын аймагындагы өрттү өчүрүү үчүн жалпы 148 адам (Жамбыл облустук ӨК департаментинен 77, токой чарбасынан 71 адам) жана 1 тик учак тартылган.

Бөлүшүү