Аба ырайы: Кыргызстандын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Автор -
268

Эртеӊ, 9-августта Кыргызстандын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30,

Нарын жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17 градус болот.

Эртеӊ, Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 35…37 градус жогорулайт.