III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата жол көрсөтүүчү программа иштелип чыкты

Автор -
325

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өткөнү турат. Оюндарга 80  мамлекеттен 3000 ден ашык спортчу катышат. Ал эми ири маданий жана спорттук иш-чараны көрүү үчүн келе турчу чет өлкөлүк жана жергиликтүү меймандар үчүн 2GIS жол көрсөтүүчү  атайын программа иштеп чыкты. III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү катчылыгынын маалыматына ылайык, жол көрсөтүүчү тиркемеде бардык негизги маалыматтар камтылган. Катышуучулар же маданий же спорттук иш-чаралар өтүп жаткан жерлер, спорттук аянтчалар тууралуу маалыматтарды ала алат.

“Биз беттештер өтө турчу аянтчалар, концерттик сахналардын дарегин көрсөтүүчү атайын гидди иштеп чыктык. Мисалы: бүркүтчү-мүнүшкөрлөрдүн, жаачылардын мелдештеринен тарта, ат чабыш өтүп жаткан ат майдан, балбандар күрөшүп жаткан аянтчаларга чейин толук маалыматтар камтылган” – дейт оюндарды өткөрүү катчылыгы.

Каалаган адам өзүнүн жеке автоунаасында, ошондой эле коомдук транспорт менен дагы оюндар өтүүчү жайга чейин маршрутту багыттап алса болот. Навигаторго коюлган маршрут интернет тартпаган жерде да иштеп, көздөгөн жерге жеткирет. Бул мобилдик тиркемеде багыттагычты капталындагы менюдан табууга болот. Ал эми 2GIS сайтынан “Көчмөндөр оюндары” деп издеп колдонуучулар таба алат. Чет өлкөлүк туристердин ыңгайлуулугу үчүн багыттагычта оюндар өтүп жаткан аймактагы кафе же тамактануучу жайлар, мейманканалар, Ысык-Көлдүн аймагындагы туристик жайлар жана Бишкек шаарындагы кооз жерлер дагы белгиленген.

Бөлүшүү