Балыкчыда «милиционерлерге ок атты» деп шектелгендер кармалды

Автор -

Балыкчы шаарында «милиция кызматкерлерине ок атты» деп шек саналгандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 6-августта түнкү саат он бир жарымга жакын болгон.

Жергиликтүү тургундар милицияга телефон чалып, көчөдө топтошкон жигиттер жаңжалдашып жатканын, октун үнү угулганын билдиришкен.

«Ыкчам иликтөө тобунунун кызматкерлери барган учурда ал жерде төрт-беш жигит туруптур. Милициянын машинесине ок атып, андан соң таш ыргытып ар кайсыл жака качып кетишкен», — деди Усубакунов.

Тартип сакчылары да аларга каршы табелдик курал менен ок атып, шектүүлөрдүн экөө кармалган. Бири Тоң районунун, экинчиси Балыкчы шаарынын 20 жаштагы тургундары. Алардан ИЖ-18ЕМ үлгүсүндөгү эки даана аңчылык куралы жана үч ок табылган. Башкаларды издөө уланып жатат.

Куралдар эч жерде катталбаганы аныкталды. Шектүүлөргө каршы Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар Балыкчы милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү