Чүйдө 86 жаштагы пенсионер изделүүдө (фото)

Автор -

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери дайынсыз жоголгон 1932-жылы туулган Москалев Герасим Ивановичти издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, пенсионер Пригородное айылында жашайт. 7-августта үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 173-175 см, арык дене түзүлүштө, чачы ак, кыска. Клетка рубашка, кара жеңи жок пенжек, көк шым кийип жүргөн. Ал эсин жоготуп коет. Анын оң буту жок, майыптар коляскасында жүрөт.

Сүрөттөгү адамды көргөн-билгендер болсо, Аламүдүн РИИБинин 0 (312) 36 35 27, 36 35 23, 0 (700) 67 55 56, 0 (700) 20 96 66 номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү