Таалайбек Сарыбашов: Коррупция менен күрөшүү негизги максат

Автор -

Бүгүн, 8-август күнү Ош шаарынын мэриясынын кезектеги Коллегиялык жыйыны болду. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төргагасы Жапарбек Ормонов, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери келип катышты.

Коллегиялык жыйында эки маселе каралды:

  1. Ош шаарынын 2018-жылдын биринчи жарымындагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдыгына карата милдеттери жөнүндө;
  2. Ош шаарындагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында сууда, жол-транспорт кырсыгында каза болгон, өзүнүн өмүрүнө кол салган, эрте турмуш куруу жана кыз ала качуу, балдарга карата жасалган кылымыш фактылардын жана жашы жете элек балдар тарабынан жасалган кылымыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө; Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саипжан Турдуев биринчи маселеле боюнча токтолуп, Ош шаарындагы баардык көрсөткүчтөр боюнча 6 айдын жыйынтыгын берди.

“Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 94 млн. сомго көбөйгөн; Айыл чарба продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 101,2 пайызды, же 317 млн. 600 миң сомду түзгөн. Курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 1 млрд. 344 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3,6 пайызга өскөн. Негизги капиталга тартылган инвестициялар 987 млн. сомду түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 40 млн. сомго көбөйгөн. Көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн өсүү темпи 103,7 пайызды. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык жана салык эмес кирешелери боюнча (атайын каражаттарды кошкондо) 1 млрд. 279 млн.сом план жеткирилсе, аткарылышы 2 млрд. 399 млн.сомду түзүп, пландагыдан 1 млрд. 120 млн.сомго же 87,5 пайызга, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 309 млн. сомго көп жыйналган. 2018-жылдын январь-июнунда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктык жана салык эмес кирешелер боюнча (атайын каражаттарды кошпогондо) 420,4 млн. сом план жектирилсе, аткарылышы 439,7 млн. сомду түзүп, пландагыдан 19,3 млн. сомго көп салык чогултулган. Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн аткарылышы 893 млн. сомду түзүп, 104,1 пайызга же 35 млн. 500 миң сомго ашыгы менен аткарылган. Жогоруда белгилеп кеткен көрсөткүчтөрдөн да башкалары отчеттук мезгилде өсүү темпи менен жыйынтыкталды” – деди С.Турдуев.

Шаар башчысы салык кызматын, саламаттык сактоо, билим берүү тармагын кескин сындап, тез аранын ичинде коррупция менен күрөшүүнү колго алып, бөлүнүп жаткан акча каражаттарды максаттуу пайдаланууну тапшырды. Ошондой эле, мекеме-ишканалардын жетекчилерин жыйынтыктуу иш кылып, шаардын бюджетин көтөрүп, гүлдөоп, өсүшүнө салым кошкула деп кошумчалады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү