Куткаруучулар Кадамжай районунда сууга аккан аялды куткарып калышты

Автор -

Баткендеги Кадамжай районунда сууга аккан аял кишини куткаруучулар куткарып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-августта саат 16:30 чамасында Кадамжай шаарындагы Ак-Суу дарыясына аял киши түшүп кеткени маалымдалган. Айтылган дарекке №76 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 6 куткаруучусу барып, аялды суудан алып чыгышты. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин туугандарына беришкен.

Сууга аккан аялдын өздүгү такталып, 1966-жылы туулган Ж.Т. экени аныкталды. Учурда абалы канааттандырарлык.

Бөлүшүү