Контрабанда жолу менен эшик терезелерди ташып келе жаткан автоунаа кармалды

Автор -

Жыгачтан жасалган эшик терезелерди контрабанда жолу менен ташып келе жаткан автоунаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекетик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ош облусунун аймагында эч кандай бажыга тийиштүү жана товар коштоп жүрүүчү документтери жок жыгач эшик терезелер жүктөлгөн автотранспорт кармалган. Андагы товардын жалпы салмагы 1750 кг, наркы 155 миң сомду түзөт.

«Бул товар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу бажы контролунан тышкары мыйзамсыз алынып өткөн. Факты боюнча материал Ош обулустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, тийиштүү документтери жок 2379 даана брусчатка куюу үчүн калыптар жүктөлгөн автотранспорт да колго түшкөн.

Бөлүшүү