Бурмакан апа Кытай чек арасын кантип коргогон?

Автор -

Кытайда  Бурмакан Молдо аттуу этникалык кыргыз аял People’s Role Model («Улуттук үлгүлүү адам») ордени менен сыйланды. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин өлкөнүн 70 жылдык мааракесинде Бурмакан апага өз сыйлыгын тапшырган.

Бул баатыр апанын тагдыры бизди кызыктырбай койбоду. Анткени, 77 жаштагы Бурмакан апа 50 жылдан ашуун убакыт аралыгында Кызыл-Суу кыргыз автономиялык аймагындагы чек араны кайтарган.

«Аялдын тагдыры»

Ар бир мамлекет өзүнүн чек арасын коргоону эӊ алдынкы орунга коет. Кытай да дал ошондой өлкө. Кытайдын аскер кызматы да, Кыргызстан жана Казакстан сыяктуу эле чек арада каалаган учурда  конфликт же болбосо согуш чыгып кетүүсү мүмкүн экенин жакшы түшүнөт

Кытай коммунисттик партиясы журналисттерге жеткиликтүү болгон ар бир документте, Кытайдын деӊиз жана кургактык менен өткөн чек арасы «абдан аялуу абалда» экени жана жогорку деӊгээлдеги көзөмөлгө муктаж экени айтылат.

Картинки по запросу Бурмакан Молдо

Бул тармакта эӊ башкы ролду чек араны кайтарууга жардам берген карапайым элдин ыктыярчылары түзөт. Кытай узак убакыт бою чек ара аймактарындагы саясий жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу менен чек ара коргоо натыйжалуулугун алдынкы планга коюп келет. Андыктан жергиликтүү тургундардын бул тармакта көмөкчү болушу үчүн жакшы көӊүл бурулат.

Чек араны коргоодо өз салымын кошкон ыктыярчылардын арасында Бурмакан апа да бар. Ал 1942-жылы Улучат айылында төрөлгөн. Ал 19 жашында чийиле элек чек араны коргоону баштаган. Анын бул кадамына атасынын патриоттук сезими түрткү болгон.  Бурмакан апа 24 жашында Кызыл-Суу кыргыз автономиялык аймагында биринчи ыктыярчылар тобун түзгөн. Ага өтө оор тапшырма берилген, ал 4000 метр бийиктикте жайгашкан 20 кмдик чек араны коргогон.

Тоодо жашаган эл 20 кмдик жолдо унаа жете албашын жакшы билишет. 60 жылдары эмес азыр да ал жерге жетүү үчүн бардык эле унаалар жарамдуу эмес. Тар жолдо ат, эшек менен же топоз менен гана жүрө аласыӊ. Тоодо чек араны коргоо айымдар үчүн гана эмес мырзалар үчүн да аябай оор жумуш.

Кытайдын China Daily гезити Бурмакан апа жөнүндө: « Ал күнүгө 20 кмден ашуун жолду жөө басып чек араны кайтарып чыгат. Чек арадан Бурмакан апа тапкан жана өзү түшүргөн кытайлык иероглифтер чегилген таштар, жергиликтүү элге патриоттук күч берген», -деп жазып чыккан.

Бурмакан апа жолдошуна «Мага жаганды үйрөт. Мен бул жердеги ар бир ташка өлкөбүздүӊ атын жазып келечек муунга, бул биздин мамлекет экенин жазып калтыргым келет» деген. Андан бери «Кытай» деген жазуу чегерилген таштар көбөйүп, учурда Бурмакан апа да ал таштардын саны канча экенин так билбейт.

 «Кытай чек арачылардын энеси»

Синьцзянда Бурмакан Молдону ушинтип тергешет. Озγнγн алты уулу бар, алардын бешѳѳ чек арачы болуп кеткен, ошентсе да чек арада кызмат ѳтѳп кеткен, же жаңы келген жигиттердин баарын «уулум» дейт. Кызмат ѳтѳп кеткендер эмдигиче Бурмакан апа, деп келип, ал-акыбалын сурап кетет. Бурмакан Молдонун жардамы менен чек арадагы ар бир боз γй чек арачылардын ыкчам посту болуп калган, акында бул каарман аялдын артынан 80 жигит чек арага ыктыярчы болуп келди.

1986-жылы, чек араны текшерип жγрγп, Бурмакан Молдо чек ара мамысы ордунан жылып кеткенин байкайт. Чек ара шартында – бул ѳзгѳчѳ кырдаал болуп эсептелинет. Ал мамыны адам жылдырдыбы, мал жылдырдыбы, чек ара бузулду деп эсептелинет. Бурмакан апа дароо чек ара коргонуна бул жѳнундѳ билдирет. Чек арачылар келип, мамыны ордуна коюуп, Бурмакан апага ыраазычылык билдиришкен.

Кытайлыктардын айтысында, Бурмакан апа γйγндѳгγ бир бѳлмѳсγн музей кылып алган. Ал жерде 50 жылдан бери чек ара кγзѳтγн аткаргандыгы тууралуу тарыхый фактылар чогултулган. Бурмакан апанын жердештери ал музейди билим берγγ базасы деп тергеп койгон. Ал жерге синьзяндыктар, кытайлыктар, жада калса чет ѳлкѳдѳн келген туристер да баш багат экен.

Председатель КНР вручил высшую награду Бурмакан Молдо

2006-жылы Брумкана Молдо «Синьцзяндын он мыкты адамы» тизмесине кирип, дагы бир жылдан кийин Кытайдын ошондогу тѳрагасы Ху Цзиньтао жана мамлекеттик кенештин премьер-министри Вэнь Цзябао менен катар улуттук коргоо жаатындагы мыкты адис деп табылды. 65 жашка толгондо, 2007-жылы Бумракан Молдо Кытайдын Коммунистик партиясынын катарына ѳттγ.

Тилекке каршы, жашы улгайган сайын Бурмакан апа чек араны мурдагыдай кайтара албай калды, анын γстγнѳ ревматоиддик артрити да кγчѳп кетти. Уулдары апасына айылдан там алып беришти. Бирок апа ал γйгѳ кыш келип, ашуулар жабылган мезгилде гана келип жашачу. Кар эрип, ашуу ачылганда Бурмакан апа кайтадан кызматына аттанчу. Ал «γйγм ошол жерде» дечγ. Тѳш белгисин алып жатып, Бурмакан апа: «Мен алып жаткан бул тѳш белги менин жетишкендигим γчγн берилип жаткан жок, бул жалпы Синьцзян элинин сыйлыгы», – деп, ѳзγ жѳнγндѳ «Денемде бир да тамчы кан калбай калган кγнγ да, мен чек араны кайтара бермекчимин», – деген.

Картинки по запросу Бурмакан Молдо

Акыркы жылдары чек араны спутник жана дрондор менен кайтарып калышкан, бирок, ошого карабастан, адам кγчγ чек аранын негизи бойдон калууда. Ал эми Бурмакан Молдонун жашоо таржымалы кѳрсѳтγп тургандай, кыргыздар кайда гана жашабасын, алар ошол жерди ѳз мекени деп эсептеп, аны коргоо γчγн жанын аябайт. Ал жер Кыргызстан деп аталабы, же Орусия, Кытай деп аталабы, айырмасы жок.

Замир Муратбек уулу

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү