Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлдү

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 13-августта, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча  Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын катышуучулары 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын, ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоорлорун талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө каралып жаткан документтердин негизги максаттарын  белгиледи.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы  Нурсулу Ахметова чыгып сүйлөдү.

Стратегияны талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөдү. Ал  Кыргызстанды 2018-2022-жылдар аралыгында  өнүктүрүүнүн  «Биримдик, Ишеним. Жаратмандык» программасы тууралуу айтып келип,  ал программа Кыргызстанды 2018-2040-жылдары өнүктүрүүнүн Стратегиясынын  негизги багыттарына шайкеш келээрин баса белгиледи.

Аталган маселе боюнча  Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, парламенттик фракциялардын лидерлери Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Иса Омуркулов,  Алмамбет Шыкмаматов, Алмазбек Баатырбеков, Жыргалбек Турускулов,   Кыргызстан  агробизнесмендеринин «Жер Азыгы» Ассоциациясынын директору Азиза Юлдашева, «ЭкоПартнер» консалтингдик юридикалык компаниянын башкы директору, экология боюнча көз карандысыз эксперт Светлана Борцова,   Улуттук бизнес-ассоциациясынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, Өнүктүрүү саясаты институтунун башкармалыгын төрагасы Надежда Добрецова өз  сунуштарын жана пикирлерин билдиришти.

Экинчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова  доклад жасап, 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы тууралуу айтып берди.

Жыйындын жыйынтыгында айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен  Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук  кеңештин  чечимдери кабыл алынат.

Бөлүшүү