Манас районундагы өрт толугу менен өчүрүлдү

Автор -

Талас облусунун Манас районундагы өрт кечээ,12-августта толугу менен өчүрүлдү.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Покровка айыл округундагы Алмалуу жайлоосунда 28-июлда башталган өрттүн кесепетинен 1000 гектар жер күйүп кеткен.

«8-авгутта өрт өчүрүлгөндүгү жөнүндө маалымат келген. Бирок 10-августта өрт кайрадан от алган. Натыйжада өрт 2 күндөн кийин толугу менен өчүрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Өрттүн кесептинен болгон чыгымдарды бүгүн 13-августта комиссия эсептеп чыгат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү