16-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
6-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз айрым тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетет.

 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;

Баткен облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад облустарында 16…21, күндүз 30…35;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27,

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31 градуска жетет.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.

Бөлүшүү