Казакстанда белгисиз затты от алдыруу учурунда 10 жоокер жабыркады

Автор -

«Казакстан» полигонунда «белгисиз затты детонация кылуу маалында» 10 жоокер жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 14-августта машыгуу талаасын даярдоо маалында болгон. Анда жаракат алган тогуз жоокерге алгачкы медициналык жардам талаа шартында көрсөтүлгөн.

«Азыр аскер кызматкерлеринин абалдары туруктуу. Аларга учурда квалификацияланган медициналык жардам көрсөтүлүүдө», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Бул факты боюнча тергөө иштери башталганы кабарланууда. Азырынча окуя боюнча башка маалыматтар жок.

Бөлүшүү