Бүгүн, 15-август Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында “Түштүк Экспо-2018” Эл аралык көргөзмө -жарманкеси ачылды. Расмий бөлүккө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, КРнын соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаментинин өкүлдөрү, элчиликтен атайнын өкүлдөр, ишкерлер келип катышты.
Биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев Эл аралык маанидеги ири адистештирилген жарманкелериди өткөрүү Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк компаниялар үчүн бизнес-аянтча катары, Түштүк борбордун өнүгүшүнө чоң салым кошот деп билдирди.
Жалпысынан 36 чет өлкөлүк, 22 Кыргызстандык өндүрүш компаниялары катышууда.
Белгилей кетсек, көргөзмө -жарманке 17-августка чейин уланат.