Папан суу сактагычына чөгүп кеткен 38 жаштагы жаран изделүүдө

Автор -

Папан суу сактагычына чөгүп кеткен 38 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-августта болжол менен саат 22:13тө Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан суу сактагычына бир жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Учурда издөө иштери уланууда. Жалпысынан 14 куткаруучу тартылган.

Бөлүшүү