Кара-Кулжада сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылгандардын абалы канааттандыраарлык

Автор -
214

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылгандардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорулууларга диагноз али коюла элек. Лабораториялык изилдөөлөр 3-4 күндөн кийин белгилүү болот. Бейтаптардын баардыгы учурда антибиотик алып жатышат.

Белгилей кетсек, Кара-Кулжа районунда 12 киши сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылган.

 

Бөлүшүү