Ош облусунда унаа оодарылып, айдоочу оор жаракат алды

Автор -

Ош облусунда унаа жолдон чыгып оодарылып калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа району 28-февраль күнү саат 00:44 чамасында Кара-Кулжа айылынын Калматаев көчөсүндө «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай жолдон чыгып оодарылып калган.

Кырсыктын кесепетинен айдоочусу эркек киши оор жаракат алган.

КР ӨКМнин №66 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кыпчылып калган айдоочуну чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү