Кыргызстандын белгилүү экономисти Жумакадыр Акенеев каза болду

Автор -

Кечээ, 15-августта белгилүү экономист Жумакадыр Акенеев каза болду. Бул маалыматты Жумакадыр Асанкуловичтин туугандары тастыкташты.

Алар кабарлашкандай, Жумакадыр Акенеев болжол менен саат 18:00дөр чамасында жүрөк оорусунан каза болгон.

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. Ал 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин башкарган. 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти болгон.

Анын артында үч уул, бир кыз калды.

SAAT.KG маалымат агенттиги Жумакадыр Акенеевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү